Кабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Жасалма шенген визасын даярдагандар аныкталды
01.06.2023 | 11:46
Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, чет элдик жарандарды Кыргызстан аркылуу Европага ташуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталган. Бул топко киргендер жасалма шенген визасын даярдап, чет элдиктерди Кыргызстан аркылуу Европага турист иретинде жөнөтүп турушкан.
Учурда аталган каналдын негизги уюштуруучулары аныкталган. Ошондой эле, аталган топтун кылмыштуу аракеттеринен 40тан ашык чет элдик жаран жабыр тартканы белгилүү.
“Азыркы тапта мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз