“Коопсуз шаардан” беш айда канча каражат түшкөнү айтылды  

12.06.2023 | 15:26

2023-жылдын беш айында “Коопсуз шаар” долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 миллион сом түштү.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, “2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900,0 млн сом өлчөмүндө финансылык каражаттар каралган.

“2023-жылы каралган каражаттардын ичинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине Министрлер кабинетинин 06.06.2022-жылдагы №299 токтомуна ылайык подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2023-жылдын январь-май айларында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында республикалык бюджетке 243,8 млн сом түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top