Экс-чиновник журналист Исаковго кол көтөрдү. Милиция эмне дейт? (видео)

Экс-чиновник журналист Исаковго кол көтөрдү. Милиция эмне дейт? (видео)

Ош шаардык милициясы «Ош» пансионатынын мурдагы директору Маматкерим Койчукуловдун журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүшү боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 12-июнда түшкү маал «Ош» эс алуу борборунда болгон. Саат 12:20да милицияга аталган эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иши катталган.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, аталган эс алуу борборунда эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну Маматкерим Койчукулов ортосунда пикир келишпөөчүлүк болуп, чыр пайда болгондугу такталган.

«Ыдырыс Исаков өз көрсөтмөсүндө, жогорудагы дарек боюнча журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда, Маматкерим Койчукулов «сенин уруксатсыз видеого тартканга укугун барбы?» — деп колу менен бетине уруп жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген.

Ал эми, Маматкерим Койчукулов өз көрсөтмөсүндө, өзүн блогер катары тааныштырган Идирис Исаков, анын уруксатысыз видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпөөчүлүк пайда болгондугун айткан», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиришкендей, учурда Ыдырыс Исаковдун денесинен алган жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча күбө болгон адамдарды суракка камсыз кылуу максатында тергөө тапшырмасы берилген.

«Тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынттыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдук кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алып, коомчулукка кошумча маалымдайбыз», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин Ыдырыс Исаков «Ош» пансионатынын мурдагы директору ага кол көтөргөнүн билдирип, окуянын видеосу менен бөлүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>