Ошто өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөнИИМ сексуалдык ыдык үчүн камакка алуу жазасын киргизүүнү сунуштадыБишкекте бир суткада 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн кармалдыШайлоо-2025: Кыргызстанга ЕККУнун байкоо миссиясынын өкүлдөрү келдиНовопокровкадагы трагедия: жарылуудан заводдун эки кызматкери каза болдуОрусия блогер Илья Варламовду “террористтер жана экстремисттер” тизмесине киргизгени айтылууда
Сот жана прокуратуранын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Тизме
14.06.2023 | 10:48
Бүгүн, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүштү.
Комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу көтөргөн.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:
– «Ата-Журт Кыргызстан», Фархат Исмаилов;
– «Мекенчил», Жусупбек Коргонбай уулу;
– «Ыйман нуру», Султанбай Айжигитов;
– «Элдик», Арсланбек Малиев;
– «Ынтымак», Бакыт Тентишев;
– «Ишеним», Марат Мураталиев;
– «Бүтүн Кыргызстан», Эмил Токтошев;
– «Альянс», Нилуфар Алимжанова.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом