ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Ошто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
20.04.2026 | 10:02

Ош шаарында «Мадина» кондитердик цехи ишке кирди. Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов катышты.
Мэриянын маалыматында, цех Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 63 млн сомдук каражатынын негизинде ачылып, натыйжада 100 жумуш орду түзүлгөн. Цехте жабдуулар орнотулуп, 100дөн ашык түрдөгү продукция өндүрүлөт.
Жанарбек Акаев аземде сүйлөгон сөзүндө ишкерлер үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгилеген. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчамдатуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирип, инвесторлорду кызматташууга чакырган.