U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 6 балбан алтын үчүн күрөшөт. Тизме
Бүгүн, 15-июнь күнү Бишкекте күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бүгүн Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча балбандардын таймашы өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык 6 спортчу мелдештин финалына чыкты.
Финалга чыккан балбандар:
60 кг: Нурмухаммет Абдуллаев (Кыргызстан) – Азамат Курманов (Казакстан);
67 кг: Раззак Бейшекеев (Кыргызстан) – Сырым Сарсен (Казакстан);
72 кг: Алихан Нурланбеков (Кыргызстан) – Елдос Камело (Казакстан);
77 кг: Ырыскелди Максатбек уулу (Кыргызстан) – Дилшод Омонгелдиев (Өзбекстан);
82 кг: Асан Жанышов (Кыргызстан) – Аброрбек Мамиров (Өзбекстан);
97кг: Нурманбет Раймалы уулу (Кыргызстан) – Ислам Умаев (Казакстан).
Белгилей кетсек, финалдык беттештер саат 18:00до башталат. Мелдешти түз эфирде КТРК Спорт каналы аркылуу көрсөңүздөр болот.
[image_carousel source=”media: 191806,191807,191808,191809,191810″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз