U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 6 балбан алтын үчүн күрөшөт. Тизме

U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 6 балбан алтын үчүн күрөшөт. Тизме

Бүгүн, 15-июнь күнү Бишкекте күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча балбандардын таймашы өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык 6 спортчу мелдештин финалына чыкты.

Финалга чыккан балбандар:

60 кг: Нурмухаммет Абдуллаев (Кыргызстан) — Азамат Курманов (Казакстан);

67 кг: Раззак Бейшекеев (Кыргызстан) — Сырым Сарсен (Казакстан);

72 кг: Алихан Нурланбеков (Кыргызстан) — Елдос Камело (Казакстан);

77 кг: Ырыскелди Максатбек уулу (Кыргызстан) — Дилшод Омонгелдиев (Өзбекстан);

82 кг: Асан Жанышов (Кыргызстан) — Аброрбек Мамиров (Өзбекстан);

97кг: Нурманбет Раймалы уулу (Кыргызстан) — Ислам Умаев (Казакстан).

Белгилей кетсек, финалдык беттештер саат 18:00до башталат. Мелдешти түз эфирде КТРК Спорт каналы аркылуу көрсөңүздөр болот.

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>