U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

Бишкекте 15-июнда күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандардын таймашы өтүп, кыргызстандык 6 спортчу мелдештин финалына чыкты.

Биринчи орун үчүн күч сынашкан балбандардын арасынан Раззак Бейшекеев (67 кг) менен Асан Жанышов (82 кг) алтын байге тагынып, Азия чемпиону аталышты.

Ошондой эле Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97кг) күмүш байге утту.

Раззак Бейшекеев
Асан Жанышов
Нурмухаммед Абдуллаев
Адилхан Нурланбеков
Ырыскелди Максатбек уулу
Нурманбет Раймалы уулу
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>