Түп районунда мектептин оңдоп-түзөө иштери каржылоонун жоктугунан токтоп калдыАгартуу министрлиги: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча мектеп директоруна «катуу сөгүш» берилдиКыргызстан менен Кытай айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтүү боюнча кадамдарды белгилештиАткезчилик, документтерди жасалмалоо — ТИМдин экс-башчысы Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактыларСокулукта 7 жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилди«Кыргызалтын» мамлекеттик бюджетке 18,7 млрд сом которот
Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда
19.06.2023 | 21:36
Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында “112” кызматына Новостройка айылынын 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жана ал Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмунөн 3 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар