Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырдыМаданият министрлиги 27 млн сомду максатсыз колдонуу иши боюнча комментарий бердиОрусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жеттиЫсык-Көлдө «Климат-Тоолор-Жаштар» лагери өтүүдөКыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдөБишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылды
Бишкекте жаран айт намазга травматикалык тапанча менен келген
28.06.2023 | 12:04
Бүгүн, 28-июнда Бишкекте 33 жаштагы жаран эски аянттагы Курман айт намазына травматикалык тапанча көтөрүп келген. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эски аянтка текшерип өткөрүү үчүн орнотулган көзөмөл өткөрмө пункттардын биринде 33 жаштагы Э.А. аттуу жарандан газ-травматикалык тапанча табылган, ал чечим кабыл алуу үчүн Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факт Биринчи май райондук милициясында каттоого алынган.
Милициядан белгилешкендей, аталган жаранда травматикалык тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз