Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Бишкекте жаран айт намазга травматикалык тапанча менен келген
28.06.2023 | 12:04
Бүгүн, 28-июнда Бишкекте 33 жаштагы жаран эски аянттагы Курман айт намазына травматикалык тапанча көтөрүп келген. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эски аянтка текшерип өткөрүү үчүн орнотулган көзөмөл өткөрмө пункттардын биринде 33 жаштагы Э.А. аттуу жарандан газ-травматикалык тапанча табылган, ал чечим кабыл алуу үчүн Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факт Биринчи май райондук милициясында каттоого алынган.
Милициядан белгилешкендей, аталган жаранда травматикалык тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз