Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Улуттук банкта алтындын 44 тоннадан ашык запасы бар, – Бөкөнтаев
29.06.2023 | 15:39
Кумтөрдөн чыккан алтынды сатып алуу улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Жыйында депутаттар Улуттук банктын 2022-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин отчетун укту.
Ал белгилегендей, өлкөдө инфиляциялык ченди кармап туруу максатында 2022-жылда эсептик ченди 14% чейин жогорулатылган. Бул багытта көрүлгөн чаралар валюта рыногунда туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн.
“Кумтөрдөн чыккан алтынды сатып алуу улантылып жатат, азыр улуттук банктын активдериндеги алтындын кору 44,4 тоннаны түзөт”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз