КР жарандыгын алгандар беш жылда депутат, судья, жетекчи боло албайт

КР жарандыгын алгандар беш жылда депутат, судья, жетекчи боло албайт

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айрым конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аны Жогорку Кеңештин депутаттары А.Осмонов, Н.Сыдыгалиев, Н. Нарматова, М.Маматалиев, Ж.Акаев, Н.Кадырбеков, А.Айдарова, У.Бакасов, Ш.Атазов, Т.Икрамов жана А.Маткеримов сунуштаган.

Конституциялык мыйзам долбоору боюнча анын демилгечилеринин бири Айбек Осмонов  тааныштырды.

«Конституциялык мыйзам долбоору менен Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин жарандыгынан чыккан жана Кыргызстандын жарандыгына ээ болгон учурдан тартып беш жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаты, судьясы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери болууга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызматтарын ээлөөгө тыюу салууну сунуштайбыз», — деди депутат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>