Кыргызстанда 550дөн ашык айыл таза суу менен камсыздалатЕЭК: 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын бюджети профицит менен аткарылдыМаданият министрлигинин мекемелерине 27,1 млн сомдук зыян боюнча иш козголдуАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза алууга талаптарды күчөттүКыргызстанда мектеп формасы өзгөрбөйтМосквада мигранттар үчүн «Амина» тиркемеси ишке кирет
Стамбулда жоголгон Жазгүл Шамуратова табылды
05.07.2023 | 15:23
Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бүгүн, 5-июлда табылган.
“ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркия ИИМдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан. Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда”, – деп билдиришти ИИМден.
Эскерте кетсек, буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда бери дайынсыз болуп жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом