ТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак15-апрелге карата аба ырайыБишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштады
Велосипедчен адамды сүзүп кеткен таксист кармалды
10.07.2023 | 11:02
Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, окуя жеринен кетип калган таксинин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал бүгүн, 10-июлда Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, Жол кырсыгы боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Айдоочу – 44 жаштагы Р.С. аттуу жаран. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулган.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга таксинин айдоочусу велосипедчен адамды сүзүп, кетип калганы тартылган видео тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз