Жайында салкын, кышында жылуу: Бишкектеги жаңы аялдаманын эскизи

Жайында салкын, кышында жылуу: Бишкектеги жаңы аялдаманын эскизи

Борбор калаада Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Аялдамада коомдук транспорттун маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны болот.

Долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Ошондой эле  Биринчи май районунун администрациясы аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотуп,  бир нече  метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда. Мындан сырткары аялдамада Wi-Fi,  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Эске салсак, буга чейин «Бишкекасфальтсервис» муниципиалдык ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Ошондой эле жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>