Садыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды
Күндүн табы кайтпайт. Апта башында күн катуу ысыйт
14.07.2023 | 13:26
Келе жаткан аптанын баштарында өлкө аймагында күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөдө 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт.
“Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом