Үч жыл тергөө изоляторунда кыйноого кабылган аял адилеттүүлүк издейт

Үч жыл тергөө изоляторунда кыйноого кабылган аял адилеттүүлүк издейт

Майлу-Суу шаарынын 53 жаштагы тургуну Роза Горбаева 3 жылдан ашык убакыт убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз отурганы үчүн компенсация өндүрө албай келет. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Роза Горбаеванын өкүлдөрүнүн доо арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 16-ноябрында жарым жартылай канааттандырган. Соттун чечиминде мамлекеттик казынадан 50 миң сом моралдык чыгымды өндүрүп алуу көрсөтүлгөн. Бирок  Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 1-февралындагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгүндөгү «ИИМ үчүн каралган каражаттардын эсебинен» деген сөздөр алынып салынган. Жогорку сот бул чечимди өзгөрүүсүз калтырган.

Бул чечимден кийин жабырлануучу Горбаеванын өкүлдөрү өтүнүч катын даярдап, Биринчи Май райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө ушул жылдын 14-мартында жөнөтүшкөн. Төрт айдан ашык убакыт өтсө дагы эч кандай чара көрүлбөй келет.

Майнап чыкпай жаткандыктан Горбаеванын өкүлдөрү Биринчи Май райондук прокуратурасына мыйзамсыз аракеттер үчүн сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн иши боюнча кайрылышкан. Бирок ал жерден дагы эч кандай жооп дагы, кат дагы келген эмес.

Горбаеванын өкүлдөрү сот аткаруучулар кызматында  жабырлануучунун өкүлүнүн банктык картасы тууралуу маалымат бар экенин, ага акчалай төлөм чегерилиши керектигин белгилешет. Бирок, буга карабастан, чечимди аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.

“Мына ушундай иштер мамлекеттик органдарга болгон ишенимди кетирет. Бул жерде мыйзамдын сакталышы, аткарылышы боюнча маселе жатат. Горбаеванын өкүлдөрү сот аткаруучулар кызматынын жана прокуратуранын мыйзамсыз аракеттерине кабылышты. Чечимди аткаруу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн тезинен чара көрүлүшү керек», — деп белгилешет укук коргоо уюмунун юристтери.

Горбаеванын иши тууралуу кыскача:

Роза Горбаева бир нече жыл мурун убактылуу кармоочу жайга камалып чыккан. Анын айтымында ал кылмыш кылган эмес, ага күнөөнү кыйноо жолу менен моюнга алдырышкан. Бирок ал 3 жылдан ашык тергөө жана соттук отурумдар аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайда кармалып турган. Мыйзам боюнча убактылуу кармоочу жайда шектүү 48 саат гана кармалышы керек. Ал эми Горбаева 3 жыл аралыгында 6 убактылуу кармоочу жайда тактап айтканда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен жана Баткендеги убактылуу кармоочу жайларда отурган. Ал камакта жаткан убакта адамдык кадыр-баркын басмырлаган, адамгерчиликсиз ырайымсыз мамилеге жана басмырлоого кабылган.

Өз арызында Горбаева убактылуу кармоочу жайларда жынысы боюнча кодулоого кабылганын айтып, фактыларды келтирген. Атап айтканда, убактылуу кармоочу жайлардын кызматкерлери жалаң эркектер болгон, аны эркектер тинтүүгө алып турушкан.  Мыйзам боюнча жеке кароону айыпталуучу менен бир жыныстагы кызматкер жүргүзүшү керек. Жуунучу жай жана даараткана кызматкерлер үчүн көрүнүктүү жерде болгон. Анда жабырлануучу жуунучу жайга жана дааратканага жалгыз бара алган эмес.

Кээ бир камераларда ашкана столу жок болгондуктан, тамакты төшөктө же жерде отуруп жегенге аргасыз болгон. Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайда дайыма чоң келемиштер чуркап жүргөнүн айткан.

Роза Горбаева БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетине арыз менен кайрылган жана анын иши боюнча чечим кабыл алынган кыргызстандык биринчи аял болуп калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>