Таксистке бычак менен кол салган деп кармалган өспүрүм ооруканада

Таксистке бычак менен кол салган деп кармалган өспүрүм ооруканада

Чүй облусунда 11-июлга караган түнү таксинин айдоочусуна бычак менен кол салган деп кармалган өспүрүм ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуяга шектүү катары 2006-туулган бала кармалган.

Эскерте кетсек, буга чейин, 11-июлга караган түнү жүргүнчү Бишкектен Новопавловка айылына такси айдатып барып, жол кире төлөгөндөн кийин айдоочуга эч себепсиз бычак менен кол салганы, бир нече жолу бычак урганы айтылган. Ортодо кармаш болуп, айдоочу унаанын ачкычын алып, качып кеткен. Андан кийин кол салган адам изин жашырган.

13-июлда шектүү катары өспүрүм кармалып, милицияда сурак берген. Сурак учурунда ал болгон окуя тууралуу өз көрсөтмөсүн берип, айрым жагдайлар тууралуу айтып берген. Өспүрүм сурак бергенден кийин ал менен жабырлануучунун айткандарында дал келбестик ортого чыккан.

Учурда милиция тергөө иштерин улантып, окуя кандай болгонун, чын-бышыгын тактоодо.

Белгилүү болгондой, окуя учурунда кармаш болуп, өспүрүм бычактан жаракат алып, бетинде бычактын издери калган. Учурда ал ооруканада.

Азырынча анын баш коргоо чарасы карала элек.

Таксистке бычак менен кол салган шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>