Шарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледиТрамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди
Баткенде рейддин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кыз табылды
17.07.2023 | 17:02
Кызыл-Кыя шаарында 12-14-июль күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жайкы каникул убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү, кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-Эмгек” аталышындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубдарда эмгектенип жаткан өспүрүмдөрдү аныктоо максатында түнкү-күндүзгү рейддерди уюштурду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом