Конституциялык соттун чечимин өзгөртүүгө жол ачуу сунушталууда

Конституциялык соттун чечимин өзгөртүүгө жол ачуу сунушталууда

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин сайтында айтылат.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык сот жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими кайра каралып, жокко чыгырылышы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргызстандын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Аталган учурда Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтом чыгарып, мурдагы чечим жокко чыгарылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Конституциялык сот ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин өз фамилиясына, кааласа, энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Аталган маселе коомчулукта резонанс жаратып, талкууга алынган. Соттун чечими боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да билдирүү жасап, «эч кандай матчество болбошу керек. Ким (чечим — ред.) кабыл алган болсо, өзү кайра жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык позициям» деген.

Мыйзам боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>