Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Министрлер кабинети дары-дармектерге баа чегин киргизди
19.07.2023 | 18:00
Министрлер кабинети дары-дармектерге бааларды белгилөө эрежелерин бекитти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында маалымдалды.
Бул эрежелердин негизги максаты калк үчүн дары-дармектерди жеткиликтүү кылуу. Баа чеги эң зарыл буюмдардын тизмесинде белгиленет. Ал эми товарларга бааларды белгилөөдө башка мамлекеттердеги дары-дармектин баасы, ташуу баасы, ошондой эле бажы төлөмдөрү жана жыйымдар сыяктуу факторлор эске алынат.
Белгилеп кетсек, фармацевтикалык уюмдарга дарыларды белгиленген лимиттен ашык сатууга тыюу салынат.
Эреже Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн каражаттарга, ошондой эле баасы 100 сомго чейинки дары-дармектерге тиешелүү эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом