Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандыктын маеги

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандыктын маеги

Россиянын аскерлеринин катарында Украинадагы согушка катышканы үчүн Кыргызстанда 10 жылга соттолгон кыргызстандык жаран Аскар Кубанычбек уулу россиялык Russia Today басылмасына маек куруп, Россиядан жарандык берүүнү суранды.

Белгилүү болгондой, Аскар Кубанычбек уулу өзүн «Луганск Элдик Республикасы» деп атаган жикчил аймакта (Украинанын аймагы, былтыр Россия тарабынан аннексияланган) Россия тарапта согушка катышканы үчүн быйыл 16-майда 10 жылга эркинен ажыратылган. 

Аскар Кубанычбек уулу №1 тергөө абагында отурган учурда россиялык басылмага маек берген. Учурда ал абакка которулган. 

— Аскар, эмне себептен Украинадагы атайын операцияга (Россия Украинадагы согушту атайын аскердик операция деп атап келет – ред.) катышууну чечтиңиз?

— Дрон башкарган ыктыярчылар жетишпей жатканын уккандан кийин ал жакка барууну чечтим. Мен улутум боюнча кыргызмын, бирок өзүмдү россиялыкмын деп эсептейм. Украина тарап акыркы 8 жылда эмнелерди жасаганын билем.

Менин бандерачыларга, батыш режимине терс көз караштамын – алар көп нерселерди жасабадыбы… Ошондуктан ыктыярчы катары атайын аскердик операцияга катышууну чечтим.

— Качан жана эмне себептен аскердик кызматтан кетүүнү чечтиңиз?

— 2022-жылы октябрда агам атам ооруп калганын, тез арада келип, атамды көрүшүм керектигин айткан.

Атам каякка кетеримди билген: кетер алдында атамдан бата сурап, атам батасын берген. Себеби чоң атам Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Ал анда Берлинге чейин барган. Фашисттерге каршы согушкан.

Согуштан келгенден көп өтпөй чоң атамдын көзү көрбөй калып, өмүр бою көзү азиз болуп өттү. 90 жашында каза болду. Анда мен кичинекей болчум, 4 жашта элем. Чоң атамдын көп сыйлыктары бар болгонун билем…

— Атайын аскердик операцияга катышканыңыз үчүн көйгөй жаралышы мүмкүн экенин билип туруп эмне себептен Кыргызстанга кеттиңиз эле?

— Эмнеге кеттим? Атам катуу ооругандыктан, келип, аны көрүшүм керек болчу. Келбей кое албайт элем. 2012-жылы агамдан ажырагам. Анда аны менен коштошо албай калгам. Анда да агам ооруп калган эле. Артында 3 баласы калды. 23 жашта болчу, жаш эле.

Атамдын ооруп калганы уккандан кийин аны башка көрбөй калышым мүмкүн деп ойлонуп, Кыргызстанга келүүнү чечкем. Аны менен бирге акыркы жолу өз үйүмдө 2020-жылы болгом.

— Сизди качан жана кантип кармашты?

— Бишкекке ноябрь айында келип, атама жолуктум. Андан кийин Жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум. 10 күндөн кийин органдардын кызматкерлери келип, кармады. Колума кишен салып, алып кетишти. Кармап жатышканда Россия тарапта согуш аракеттерине катышканым үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришти. Мен баарын мойнума алып, Россия үчүн атайын аскердик операциясына улутчулдарга каршы катышканымды айттым.

Вербовка боюнча көп сурашты: ким, кандай кишелер менен сүйлөшкөнүм, дүйнөгө көз карашым тууралуу —  Украинадагы абалга кандай карай турганымды сурашты. Ким менен жана эмнеге ал жакка барганымды сурашты. Ал жакка барууга эч ким вербовка кылбаганын жана өз эрким менен барганымды айттым.

— Сотто сиздин максаттарыңыздын бири Россияын паспортун алуу экенин айттыңыз беле?

— Ооба, биздин сотко Россия үчүн согушканымды, Россиянын жарандыгын алып, ал жакта калууну каалаганымды айттым. Сотто ушундай деп айттым, аныгында да ошондой.

Кыргызстан мамлекети жарандарынын атайын аскердик операцияга катышуусуна каршы экенин билдириш үчүн менин ишимди мисал кылып көрсөткүлөрү келип жатат.

— Россияга, анын жарандарына кандайдыр бир кайрылуу жасагыңыз келеби?

— Мен Россияга, бардык элге кайрылгым келет: атайын аскердик операцияга өз ыктыярым менен катышканым үчүн мени 10 жылга эркимден ажыратышты. Менин үй-бүлөм да кыйын абалда турат: апам, атам…

Мага бул жактан чыгып, үй-бүлөм менен болуу үчүн Россиянын паспортун жана жарандыгын берүүнү суранам.

Эскерте кетсек, былтыр 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Кийинчерээк Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандары да катышып жатканы белгилүү болгон. Ага байланыштуу Кыргызстандын укук коргоо органдары чет жердеги, анын ичинде Украинадагы согушка катышкан өлкө жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын бир нече жолу эскерткен.

Быйыл 12-январда УКМК Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны кармалганы тууралуу кабарлаган. Кийинчерээк ага сот өкүмү чыгып, 10 жылга соттолгон.

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны соттолду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>