Президент “Төлөйкөн” ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук “Төлөйкөн” ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
[image_carousel source=”media: 195102,195101,195100,195099,195098,195097,195096,195095,195094,195093,195092″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Маалым болгондой, быйыл ат майданды капиталдык оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
– жаңы конференц-зал куруу;
– ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;
– негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
– сырткы жарыктандырууну орнотуу;
– жаңы тосмолорду орнотуу.
Садыр Жапаров ат майдандын оңдоп-түзөө иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз