Равшан Жээнбековдун уулу: Апамдын ден соолугу дагы деле жакшы эмес

Равшан Жээнбековдун уулу: Апамдын ден соолугу дагы деле жакшы эмес

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын ден соолугу операциядан кийин да начар бойдон калууда. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, апасы УКМКнын тергөө абагында эч күнөөсүз жатып, анын айынан ден соолугу начарлаган.

«Апам Салкын Алимбаева оор операциядан кийин, кечээ СИЗОдон/ооруканадан чыгарылды. Анын ден соолугу дагы деле жакшы эмес жана мындан ары операция жана дарыланууну талап кылат. Апам эч себепсиз УКМКнын СИЗОсунда 2 ай жатып, ден соолугуна терс таасирин тийгизди», — дейт ал.

Ал билдиргендей, апасынын кармалышы атасы Равшан Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу.

«Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай «жерге» тиешеси жок. Апамдын камалышы атам Равшан Жээнбековдун саясий позициясы жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Салкынай Алимбаева быйыл май айынын аяктарында кармалып, 24-июлга чейин камакка алынган. 21-июлда сот аны дагы эки айга камакта калтырган. Бирок 29-июлда анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 24-сентябрга чейин үй камагына чыгарылган.

26-июлда жергиликтүү басылмалар жазгандай, 7-июлда Алимбаевага операция жасалып, ал ооруканага жаткырылган.

УКМК билдиргендей, Салкынай Алимбаева «Инфосистема» мамлекеттик ишканасындагы байланыштары аркылуу бизнес өкүлдөрүнө Бишкектеги эки кымбат жер тилкени ижарага алууга шарт тузүп берген. Ал үчүн Алимбаева ишкерлерден 500 миң доллар алганы айтылган.

Экспертизага ылайык, аталган эки жер тилкенин баасы 1 млрд 464 млн 383 миң сомду түзгөн. УКМК эки жер тилке мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толтурулганын билдирген.

Равшан Жээнбеков былтыр октябрь айынын аягында Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, учурда тергөө абагында камакта отурат.

Равшан Жээнбековдун жубайы үй камагына чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>