Президент «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты

Президент «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, быйыл ат майданды капиталдык оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

—  жаңы конференц-зал куруу;

— ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;

— негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;

— сырткы жарыктандырууну орнотуу;

— жаңы тосмолорду орнотуу.

Садыр Жапаров ат майдандын оңдоп-түзөө иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>