«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
1-класска электрондук каттонун бүтөрүнө бир ай калды
01.08.2023 | 09:44
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды 1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калгандыгын эскертүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, каттоонун экинчи этабы өтүп жатат, ал 31-августка чейин уланат.
“Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынган. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен катталган. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт”, – деп жазылат маалыматта.
Дагы 75 миң 965 бош орун бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом