Кулубаев Швециядагы Курандын өрттөлүшү боюнча пикирин айтты

Кулубаев Швециядагы Курандын өрттөлүшү боюнча пикирин айтты

Кечээ, 31-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Анда саясий байланыштарды улантуу жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болгон.

«Швециянын тышкы иштер министри ыйык курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Швецияда Куранды өрттөгөн бир катар учурлар болгон. Маселен, 28-июнда Курман айт майрамы күнү 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин өрттөгөн. Бул окуядан кийин мусулман өлкөлөрүндө бир катар нааразылык акциялары болуп өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>