КР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаштыӨлкөдө жаан жаайт: 23-апрелге карата аба ырайыКыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болууда
Жалал-Абадда 7,3 млн сомго балдар аянтчалары курулду
02.08.2023 | 10:56
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда балдар ойноочу аянтчалар курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 10 жерге заманбап, ыңгайлуу шарттары менен балдар аянтчалары курулду.
“Ага жергиликтүү бюджеттен 7 млн 297 миң сом жумшалды”, – деп айтылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы эскилиги жеткен, балдар ойноочу аянтчалары жок көп кабаттуу үйлөргө балдар үчүн заманбап аянтчалар курулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом