Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдүСигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кеттиСокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалдыАлдамчылыкка шектелген адвокат кармалдыЖалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалдыБУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырды
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы кырсыктан 9 адам жабыркады
03.08.2023 | 19:40
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 343-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav 4 кагышып, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 30-июлда катталган. Анда кичи автобус 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.
Кырсыктан жабыркаган тогуз адамдын төртөө Toyota Rav 4 (айдоочу жана үч жүргүнчү) унаасында бараткан, бир жүргүнчү реанимация бөлүмүндө жатат. Ал эми алган 5 адам бустун жүргүнчүлөрү болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган, дагы экөө реанимацияда.
Учурда экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом