Түптүн эки айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди — видео

Түптүн эки айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди — видео

Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа сууну тазалоого тартылган.

Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, райондук жол тейлөө ишканасынан 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат.

Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа, КДМБдан 80 аскер кызматкери тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>