Бишкекке 15-августка чейин газ менен жүрүүчү жаңы автобустар келет

Бишкекке 15-августка чейин газ менен жүрүүчү жаңы автобустар келет

Жакында Бишкекке 50 даана жаңы газ моторлуу автобустардын биринчи партиясы келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын автопаркында жаңы автобустарды кабыл алуу үчүн даярдыктар кызуу жүргүзүлүүдө.

«Ишкананын базасында 300 даана эски Ясин автобустары аукцион аркылуу  сатылды. Эски автобустардын бардыгы  алынып салынып, сатылган автобустардан чыккан таштандыларды чыгарылып, учурда эски асфальтын сыйруу  иштери аткарылууда.  Мындан тышкары ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу уланууда.

Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт, ошондой эле автопарктын айланасын тосуу иштери дагы кызуу жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу  иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Жаңы автобустар 15-августка чейин келери күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>