Эми Ысык-Көлдүн пляждарына бардык жарандар кире алат

09.08.2023 | 14:00

Эми Ысык-Көлдүн пляждарына бардык жарандар кире алат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка караганда, буга чейин президент кол койгон “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

“Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду. Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Ысык-Көлдөгү пансионаттардын көл жээгине чейин чыгып кеткен тосмолорун алуу боюнча жарлык чыгарган. Тосмолор алынганы менен пансионат ээлери жарлыкта алардын пляждарына Ысык-Көлдүн тургундары гана кире алары каралганын айтып, башка жарандарды пляжга киргизбей койгон учурлар болгон.

Ысык-Көлдүн пляждарындагы тосмолор алынат. Жарлык чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top