Сугат маселесин чечүү үчүн Чүйдө чакан суу сактагычтар салынат

Сугат маселесин чечүү үчүн Чүйдө чакан суу сактагычтар салынат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда Чүй облусунун аймагына суу кампаларды куруу маселеси каралган. Атап айтканда, суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу пландалууда.

«Маалым болгондой, Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта Министрлер кабинети жакын арада ири каражат бөлөрү күтүлүүдө. 

Адистердин белгилөөсүндө сегиз райондон турган Чүй облусунда кайрак жана сугат жеринин жалпы аянты 417 миң гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30%на сууну жеткирүүдө маселе жаралууда», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө боюнча тапшырмаларды берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>