Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Ысык-Көлдө тазалык акциясы өтөт
12.08.2023 | 10:09
Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын курорттук зоналарында 12-13-август күндөрү «Эко Кербен» акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Иш-чара жарандардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга, анын ичинде желим менен булгануу көйгөйүнө жана аны чечүүнүн жолдоруна арналган.
Акция «Жер-Эне» долбоорунун алкагында жана Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Эко Деми» коомдук фонду жана «Бакай Банк» ААКсы тарабынан уюштурулууда.
Тазалык акциясынын катышуучулары бардык каалоочуларды «Эко Кербен» акциясына катышууга жана экологиялык аң-сезимдүү коомдун калыптанышына өз салымын кошууга чакырат. Байланыш номерлери: 0755 56-72-72 жана 0551 00-01-20.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом