Ошто жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кармалды

Ошто жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кармалды

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Тактак айтканда, 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну, 1991-жылы туулган А.М. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында  Куттубек аттуу жаран аны себепсиз уруп, денесине залал келтиргенин, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылганы маалымдалган.

Аталган факт каттоого алынып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 177-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, 2023-жылдын 27-апрель күнү Коңурат айылынын тургуну, 1970-жылы туулган З.Н. милицияга арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү айылдагы 6 сотых жерине Куттубек аттуу жаран курулуш иштерин баштап, күч колдонуу менен жерине киргизбей жатканын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп, Кара-Суу районунун тургуну,  мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. 10-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>