Сокулукта 2 кг баңгизат сатууну көздөгөн жаран кармалды

Сокулукта 2 кг баңгизат сатууну көздөгөн жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республиканын түштүк аймактарынан Чүй облусуна баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын жоюу боюнча операциянын жүрүшүндө шектүү жаран аныкталды.

ИИМден билдиришкендей, 21-июлда Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. шектүү каратары кармалды. Колундагы жүгүндө (полимер пакети) 166 брикет «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Таңгак менен жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түздү.

Кармалган жаран ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>