Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келди
Бүгүн, 15-августта Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган.
Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келген.
[image_carousel source=”media: 195989,195990,195991,195992″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз