Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келди

Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келди

Бүгүн, 15-августта Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын премьер-министрин «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>