Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Чүйдө бир жумада 3,8 миң жол эреже бузуу аныкталды
16.08.2023 | 17:30
Чүй облусунда бир жумада дээрлик 4 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылыныын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-13-август күндөрү 3 миң 815 жол эрежесин бузуу аныкталган. 131 унаа айып короо жайына токтотулган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 17;
- Мас абалында унаа айдагандар – 35;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 2;
- Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 16;
- Ылдамдыкты ашыры айдагандар – 1 миң 794;
- Башка унааларга тоскоолдук жаратуу жана жол белгилерине баш ийбөө – 756;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 252;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом