Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Ошто эки жаран “Хизб ут-Тахрирдин” катарынан чыкты (видео)
16.08.2023 | 18:00
Ош облусунда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-августта УКМК кызматкерлери аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнө – А.О. жана М.М. аттуу жаранга Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрирдин” ишмердигине тыюу салынганы, анын идеяларын тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Жыйынтыгында алар экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз