Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Монополияга каршы кызматтын төрагасы кызматтан кетти
18.08.2023 | 12:11
Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.
Тайлаков билдиргендей, ал кызматтан кетүү тууралуу арызын 14-августта жазган.
Эскерте кетсек, Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. Ага чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору кызматын ээлеп турган (2021-жылы апрель айында дайындалган). Аталган агенттиктин макамы кийин кызмат болуп өзгөртүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом