Сузакта кылмышкерлер тургунду чоочун үйдө 5 күн кармап, акча опузалаган

Сузакта кылмышкерлер тургунду чоочун үйдө 5 күн кармап, акча опузалаган

Жалал-Абаддын Сузак районунда жаранды бейтааныш үйдө 5 күн кармап, акча опузалагандар кармалды. Бул Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 16-август күнү милицияга Ош облусунун тургуну Т. К. уулу арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 8-августка караган түнү Сузактын Атабеков айыл аймагында «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар аны ур-токмокко алып, күч менен унаага отургузуп, 3,5 миң сом акчасын тартып алышкан. Андан кийин аны 13-август саат 11:00го чейин Атабеков айыл аймагындагы бейтааныш үйдө кармап отурушкан. Алар жабырлануучуну коркутуп, акча талап кылып, сабашкан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары мурда соттолгондор — 21 жаштагы С.Б., 24 жаштагы М. уулу А. жана 23 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалган.

«Учурда кармалгандардын мурда жасалып, бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>