Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте 3 күндө 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылды
23.08.2023 | 10:01
Бишкекте автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай эмес төлөө киргизилгенден кийин 3 күндө 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, “Тулпар” картасын алууну каалагандардын саны көп болгондуктан, кошумча карталарды даярдоо боюнча иштер жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, 20-августтан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай эмес жол менен төлөө керек:
- Үч категориядагы “Тулпар” карталары
- Байланышсыз VISA жана Элкарт карталары
- Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө
- Виртуалдык NFC картасы
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом