Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Кемпир-Абад иши: Дагы үч адам үй камагына чыкты
28.08.2023 | 16:13
Былтыр октябрь айында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Али Шабдан, Акыл Айтбаев жана Эрлан Бекчоро уулу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Мындай чечимди бүгүн, 28-августта шаардык сот кабыл алган.
Эскерте кетсек, былтыр 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон саясатчылар менен активисттер “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзгөн. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, аталган комитетке кирген жана кирбеген 25тен ашык адам «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга” шектелип кармалган.
Учурда аталган иш соттук кароого жөнөтүлгөн. Кармалгандардын ичинен 15тей адам камактан чыгып, дагы 10дой адам камакта отурат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз