Ошто мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун эстелиги тургузулду (сүрөт)

31.08.2023 | 13:42

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун Ош шаарындагы эстелигин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эстелик Ош мамлекеттик университетинин алдында тургузулган. Иш-чарада президент жарандарды Эгемендик күнү менен дагы бир ирет куттуктап, Насирдин Исановдун өмүр таржымалы тууралуу сөз кылган.

“Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө салым кошуп, аркасында жаркын из калтырып, аты эл ичине кеңири тарап, урмат-сыйга ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер Насирдин Исанов менен Абды Суеркуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгонумду дагы бир жолу шардана кыла кетейин. “Өсөөр эл өзүн сыйлайт” дейт, албетте, кыргыз элинин кыйырына аты белгилүү бул улуу инсандардын ар бири тууралуу өз-өзүнчө кеңири сөз кылууга арзыйт.

Ошентсе да быйыл Насирдин Исановдун 80 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткандыгына байланыштуу, бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен катар анын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин астына айкелин да ачып жатабыз. Анда бүгүнкү сөз Насирдин Исанов агабызга арналсын.

Кыргыз элинин таалайына жаралган Насирдин Исанов таланттуу жетекчи жана темирдей эрки бекем инсан катары өлкөбүздүн ар кандай тармактарында: мамлекеттик саясатта, курулушта, илимде, экономикада из кылтырды. Насирдин Исановдун катардагы жумушчудан башталган эмгек жолу бүтүндөй республиканын жогорку кызматтык тепкичине чейин жете алган. 1966-жылы институтту аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон Насирдин Исанов атайын жолдомо боюнча “Ошкурулуш” трестинде эмгектене баштаган. Дал ошол мезгилдерде Ош шаарындагы текстиль фабрикасы (ХБК), жаңы турак-жай комплекстери, социалдык обьектилер курулган. Жаш адис Н.Исанов баш-оту менен жумушуна киришип, Ош шаарындагы салынып жаткан объекттер тууралуу макалаларды да жазып турган.

Ош облусунун ошол кездеги жетекчиси Султан Ибраимов квалификациялуу жаш адистин жазгандарына маани берип, таанышып, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштардан экенин байкап, партиялык жетекчи кызматтарга чакырган. Кыргыз элинин бул эки уулу кийинки муунга “устат-шакирт” принцибинин мыкты үлгүсүн көрсөтүп кеткен экен.

1970-жылдардан тарта Насирдин Исанов партиялык жана комсомолдук кызматтарга тартылып, Токтогул ГЭСинин курулушун уюштурууга активдүү катышкан жетекчилердин катарын толуктайт. Талбаган ак эмгектин үзүрү менен жаш жетекчи Баткен шайлоо окуругунан Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына да шайланган. Андан ары дагы иши жүрүп, республиканын курулуш тармактарында жетекчи кызматтарын аркалаган Насирдин ага өзүн принципиалдуу, көрөгөч, кылдат жетекчи катары көрсөтө алган.

Ошол кезде республикабызды жетектеп турган Турдакун Усубалиев да өз эскерүүлөрүндө Насирдин Исановдун мыкты жетекчи катары калыптанганын баса белгилегени да жөн жерден болбосо керек.

Кыргыз ССРинин курулуш министри катары республиканын курулуш тармагын жөнгө салып турган мезгилде республикабызда бир катар орчундуу обьектилердин: “Макмал” алтын комбинаты, “Манас” аэропорту, Кара-Балта килем фабрикасы, Таш-Көмүр жарым өткөргүчтөр заводу, борбор калаадагы “Акүй”, “Ала-Тоо” аянты, Улуттук китепкана, улуттук филармония ж.б. маанилүү имараттардын курулуштары жүргөн.

1991-жылы эгемендүү республикабыздын тарыхындагы алгачкы Өкмөттү жетектөө милдети Насирдин Исановго жүктөлгөн. Аны Өкмөт башчылык кызматка сунуштоодо Президент Аскар Акаевдин “Билими, тажрыйбасы, адамдык сапаты боюнча Насирдин Исановго альтернатива азырынча жок” деп айтканын адилеттүүлүк үчүн белгилей кетсем ашыкча болбос.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ошол кездерде өлкөдө өндүрүш төмөндөп, жумушсуздук күчөп, бюджеттик кызматкерлерге, экономикада эмгек акы боюнча карыздар топтолуп, экономика өзү рецессияга кабылган.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде Насирдин Исанов Өкмөт башчылыкка шайланып жатып, сунушталган кызмат аны такыр кубандырбастыгын, тескерисинче, тынчсыздандырып жаткандыгын белгилеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жетектөөдө пландуу экономикадан базар экономикасына өтүү маселеси боюнча Насирдин Исанов өзүнүн конкреттүү сунуштарын алып чыккан. Анын сунуштары эң туура болгондугун кийинки окуялар далилдеди. Насирдин Исанович өзүнүн бай тажрыйбасын, терең билимин, интуициясын, башкаруучулук талантын Ата Мекендин кызыкчылыгына жумшаган.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында чиеленген маселеге айланган “Кум-Төр” алтын кени маселесинде Н.Исанов өз позициясында катуу туруп, кыргыз алтынын өзүбүз гана иштетебиз деген көз караштан тайган эмес. Тилекке каршы, шылуундардын максаты ишке ашып, анын аягы Исановдун кейиштүү тагдыры менен жыйынтыкталганы өтө өкүнүчтүү болду. “Кум-Төр” алтын кени 2021-жылы толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүлдү. Ийгиликтин эрте кечи жок дегендей, кеч болсо да элибиздин ырыскысы элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ийгиликтүү иштеп жатат.

“Жакшынын көзү өтсө да, жасаган иши түбөлүк” дегендей, учурда Насирдин агабыз экинчи, түбөлүк өмүрүн жашоодо. Эл сыймыгына айланган бул инсан жаш муундарды тарбиялоодо сөзсүз үлгү болот деп эсептейм. Ошентсе да, Исановдун ак кызматын элибиз билет, элибиз баалайт. Насип ушундай экен, анын Ата Мекенине жасаган ак эмгеги көзү өткөндөй кийин бааланып, өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы ыйгарылып олтурат”, – деди ал.

[image_carousel source=”media: 196814,196813,196812,196811,196810,196809,196808,196807,196806,196805″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top