Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды

18.04.2026 | 12:00

КР Пробация департаментинде үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, Башкы прокуратуранын, ИИМдин (Ички иштер министрлиги), Эмгек министрлигинин, ошондой эле борбор калаанын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде Пробация департаментинин кайрадан укук бузуулардын алдын алууга жана укук бузуучулардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программаларды ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар программалардын жыйынтыктарын жана мындан аркы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү талап кылган айрым маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, кризистик кырдаалдарды өз убагында аныктоого жана мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин өркүндөтүүгө бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Scroll to Top