Бишкекте жаңы автобустар жарандарды 2 күн акысыз ташыйт

Бишкекте жаңы автобустар жарандарды 2 күн акысыз ташыйт

Бишкекке Кытайдан жаңы алынып келген Jong Tong фирмасынын автобустары бүгүн, 31-августта каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган автобустар үчүн үч жаңы каттам түзүлгөн: No15, 51, 52. 31-август — Эгемендик күнү жана 1-сентябрь — Билим күнүндө аталган үч каттам боюнча автобустар жарандарды акысыз ташыйт.

Ошондой, эле №100, 105, 152, 195 жана 32 каттамдардагы кичи автобустар кытайлык автобустарга алмаштырылган.

Бүгүн Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөндүгүнө байланыштуу шаардагы коомдук унаалар түнкү саат 01:00го чейин иштейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>