Бишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткенСаламаттык сактоо министрлиги менен БУУ дары-дармек сатып алууну катуу көзөмөлдөөнү макулдаштыКыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайы
Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты (видео)
22.09.2023 | 18:57
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Бүгүн, 22-сентябрда таймашка чыккан Шаршенбеков 1/16 финалда литвалык Юстас Петравичюсту 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
1/8 финалда грузиялык балбан Придон Абуладзени да мөөнөтүнөн мурда, 44 секундда 9:0 эсебинде жеңип чыкты.
Ал эми чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахромов менен күч сынашып, аны да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде утту.
Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз