Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эртең өлкөдө сирена жаңырат
02.10.2023 | 14:01
Эртең Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырат. Бул тууралуу ордо калаанын мэриясы маалымдады.
Муниципалитет элди дүрбөлөңгө түшпөгөө чакырып, саат 10-11:00гө чейин машыгуу өтөөрүн белгилейт.
Бул иш-чара Кыргызстанда жыл сайын 5-октябрда өтөт. Анда өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасы текшерилет.
Мэрия белгилегендей, машыгууга каалаган мекеме-уюмдар катыша алышат.
“Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сизден сиреналар жана башка акустикалык аппараттар үнү чыкканда тынч болушуңуздарды суранабыз!”, – дейт муниципалитет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом